Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:45

Бажы биримдигине кирүү долбоору жыл аягында бекитилет


Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү боюнча жол картасынын долбоору октябрь же декабрь айларында бекитилет. Бул тууралуу Кыргызстандын экономика министринин орун басары Олег Панкратов бүгүн Бажы биримдигине байланыштуу өтүп жаткан семинарда билдирди. Анын айтымында, Жол картасы бекитилген соң, Кыргызстан Бажы биримдигине кирүү үчүн кандай аракеттерди көрөрү ачыкталмакчы.

Кыргызстан Бажы биримдигине 2014-жылдан тарта кирүү ниетин билдирген. Азырынча Кыргызстан Бажы биримдигине байкоочу болуп турат. Бул макамга өткөн айда биримдикке мүчө өлкөлөрдүн Астанада өткөн жыйынында жетишкен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG