Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:17

Жалал-Абадда суу жеген асма көпүрө оңдолду


 Аксы районунда суу каптаган  15 кожолуктун тамарка, айдоо жерлери,
Токтогул районунда 15-20 турак үйдүн короо сарайлары өз ээлери
тарабынан тазаланып бүттү. 

Базар-Коргон районундагы Кара-Үңкүр дарыясына салынган асма көпүрөнүн суу алган жээктери кечээ жергиликтүү он алты адамдын күчү менен калыбына келтирилди.

Майлуу-Суу – Бүргөндү унаа жолунун Эшме-Сай сайына салынган унаа көпүрө селдин кесепетинен толук кыйроого учурап, 28-июнда жол каттамы жабылган. Шаардык ишканалардан жиберилген үч техниканын жардамы менен убактылуу өтмөктү бекемдөө жумушу аяктады. Бул тууралуу 4-июлда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.(YA)

 

XS
SM
MD
LG