Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:36

Үч жергиликтүү кеңеш таратылат


Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн кол койгон жардыкка ылайык, айрым жергиликтүү кеңештер таркатылып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлөт. Алардын ичинде Кара-Суу шаар кеңеши, Тогуз-Торо жана Терек-Сай айылдык кеңештери бар. Аталган жергиликтүү кеңештерде шайлоо 2013-жылдын 18-августуна дайындалды.

Шайлоону уюштуруу жана өткөрүү БШКга жүктөлдү, ал эми кыргыз өкмөтү шайлоону каржылоого, ага даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда тартипти камсыздоого милдеттендирилди. Мөөнөтүнөн мурда шайлоо жергиликтүү кеңештер тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары шайланбагандыгына байланыштуу жүргүзүлүүдө деп айтылат мамлекет башчынын жардыгында.(ZKo)

XS
SM
MD
LG