Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:14

АКШ-Кыргызстан аскерлери чогуу машыгууда


Токмоктогу 52806-аскер бөлүгүнүн базасында АКШнын борбордук куралдуу күчтөрүнүн тогуз өкүлү жана кыргызстандык атайын кызматтын кырк аскери бир ай бою тажрыйба алмашат. Биргелешкен окуу-машыгуунун алкагында аскерлер тоого, аскага чыгуу, тоолордон жарадарларды эвакуациялоо, суу ташкынынан өтүү, ошондой эле ар түрдүү куралдан ок атууга үйрөнүшөт. Мындан тышкары алар имараттын ичинде күрөшүүнү, барымтага алынгандарды бошотуу жана ар кандай кырдаалда жаракат алгандарга алгачкы жардам берүүнүн сырларын өздөштүрмөкчү. Биргелешкен окуу-машыгуу 12-июлга чейин болот. АКШ тараптан аскерлерди Жереми Жон жетектөөдө. Бул тууралуу КР Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” маалымдашты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG