Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:26

Ош: адвокаттын сабалышы боюнча иликтөө жүрүп жатат


Назгүл Сүйүнбаева
Назгүл Сүйүнбаева
Ошто милиция кызматкерлери тарабынан сабалды делген адвокат Назгүл Сүйүнбаеванын арызынын негизинде облустук прокуратура иликтөө иштерин баштады. Бул тууралуу «Азаттыкка» облустун прокурору Айбек Турганбаев билдирди.

Бүгүн эртең менен адвокат Назгүл Сүйүнбаева өзүнө милиция кызматкерлери кол көтөргөнүн журналисттерге кабарлаган болчу.

- Мен өзүм жактап жаткан соттолуучу жаранды убактысынан мурда камактан чыккандарды каттоочу мекемеге алып барган элем. Эки машинада сегиз адам келип, мен жактап жаткан кишини алып кетебиз дешти. Мен ага көнгөн жокмун. Алар менин колумду кайрып, машинамдын ачкычын алып, тигил кишини машинадан сууруп чыгарышты. Каршылык көрсөттүм, бирок алар күч колдонушту. Мен жактап жаткан кишини каякка алып кетишкенин билбейм. Таппай жатам,- дейт Сүйүнбаева.

Адвокат жактап жаткан кишинин аты-жөнү Эрнис Казаков. Ал убактысынан мурда камактан чыгып, ай сайын тийиштүү мекемеге келип каттоодон өтүп турган.
Адвокаттын айтымында, кол көтөргөн кишилер милицияда иштешерин белгилешкен. Сүйүнбаева аларды Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыктын кызматкерлери экенин божомолдоп жатат. Аталган башкармалыктан бул божомол туура эместигин «Азаттыкка» билдиришти.
Ош облустук жана шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев бул иш боюнча милиция да териштирүү иштерин баштаганын кабарлады.

Назгүл Сүйүнбаева 10 жылдан бери адвокаттык менен алектенет.(SE)

XS
SM
MD
LG