Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:17

Украин журналисттери Кыргызстанга барганга кызыкдар


Кыргызстандын элчиси Улугбек Чыналиев кечээ Киевде Украинанын улуттук журналисттер союзунун төрагасы Олег Наливайко менен кездешти. Чыналиев кездешүүдө Чыңгыз Айтматовдун 85-жылдыгына арналып күзүндө Укринада өткөрүлчү иш-чаралар, эки өлкө ортосундагы кызматташуу жөнүндө айтып берди.

Олег Наливайко өз кезегинде Кыргызстан жазуучулар союзу менен бирдикте Чыңгыз Айтматовго арналган адабий окууларды өткөрүүнү сунуш кылды. Ошондой эле украин журналисттери Кыргызстанга барганга жана кыргызстандык кесиптештерин Украинада кабыл алганга дилгир экенин билдирди.
XS
SM
MD
LG