Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:35

Жогорку Сот ИИМ ардагерлеринин арызын карайт


Бүгүн Жогорку Сотто күч түзүмдөрүнүн ардагерлеринин арызы каралат. Анда ардагерлер тамак-аш үчүн кошумча каражатты төлөбөй жатканы үчүн өкмөттү сотко берген. Республикалык күч түзүмдөрүнүн ардагерлер штабынын мүчөсү Рафаэль Гариповдун “Азаттыкка” билдиришинче, эгер сот ардагерлердин арызын канааттандырбаса, алар 6-июлдан тарта ачкачылык акциясын баштамакчы.

Ардагерлер 1996-жылдан бери өкмөт тамак-аш үчүн кошумча каражатты төлөбөй жатканына нааразы болуп келет. Гариповдун маалымдашынча, тамак-аш үчүн кошумча каражат албаган 5,6 миңге жакын ардагер бар. Алардын 800дөн ашыгы сотко кайрылган.(BkA)

XS
SM
MD
LG