Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:58

Баткенди реформалоо боюнча жыйын өтөт


Бүгүн Баткен облусун реформалоо боюнча түзүлгөн Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясы облус активи жана коомчулук өкүлдөрү менен жолугуп, аталган демилгени талкуулайт.

Буга чейин Жогорку Кеңештин “Республика” фракциясынын депутаты Назарали Арипов Баткен облусун жоюуну, андагы Баткен жана Лейлек райондорун түздөн-түз өкмөттүк башкарууга өткөрүүнү сунуштаган. Бул сунуштун негизинде, Баткен облусун административдик жактан реформалоо боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн.

Бул демилге коомчулукта талкууга алынып, нааразы болгондор чек ара аймагында абал начарлап жаткан чакта мындай реформа терс таасирин тийгизиши мүмкүндүгүн билдирип келишет. (JsA\BkA)

XS
SM
MD
LG