Бүгүн Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Көркөм өнөр музейинде мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн “Туура кесип тандоо-татыктуу келечек башаты” деп аталган көргөзмө-жармаңке өтөт. Аны Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги менен “Балдар фонду” биргелишип уюштурууда. Жармаңкеге алдыңкы окуу жайлардын өкүлдөрү катышат. Алар өз окуу жайлары тууралуу маалымат жана бүтүрүүчүлөргө кесип тандоодо эске алчу жагдайлар тууралуу кеп-кеңеш беришет.
Расмий маалыматка караганда, быйыл өлкө боюнча 73 миңден ашуун улан-кыз 11-класстын, 100 миңге жакын окуучу 9-класстын бүтүрүүчүсү.(BkA)
Расмий маалыматка караганда, быйыл өлкө боюнча 73 миңден ашуун улан-кыз 11-класстын, 100 миңге жакын окуучу 9-класстын бүтүрүүчүсү.(BkA)