Жакында Бишкек шаардык сотунан акталып чыккан депутат Талант Мамытов бүгүн маалымат жыйынында эгерде Жогорку Сот Бишкек шаар сотунун чечимин буза турган болсо, мыйзамдын чегинде гана аракет кыла турганын билдирди. Анын айтымында, эгер кырдаал чыңалчу болсо, "ага башкы прокурор Аида Салянова, Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева жана президенттик аппараттын бөлүм башчысы Индира Жолдубаева күнөөлүү болот". "Мына ушулар сотторго басым кылып, сот курамдарын аныктап, бизге каршы иштин батыраак каралышын уюштуруп жатышат деген маалымат алып жатабыз” деди депутат.
Депутаттын айыптоолору боюнча азырынча Башкы прокуратура, Жогорку Сот жана президенттик аппараттан жооп алууга мүмкүнчүлүк болгон жок.
Өткөн жылы “Конституциялык түзүлүштү кулатууга чакырык жасаган”, “Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деген айыптар менен камакка алынган “Ата Журт” партиясынын үч депутаты: Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду жана Талант Мамытовду Бишкек шаардык соту актаган чечим чыгарган. Башкы прокуратура алардын акталышы мыйзамсыз деп Жогорку Сотко кайрылган. (AKu/ZKo)