Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:01

Ысык-Көл: автокырсык эки наристенин өмүрүн алып кетти

Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов маалымдады.

Маалыматка ылайык, 4-июль күнү Каракол-Пристан унаа жолунан «Мицубиси – Делика» үлгүсүндөгү автоунааны башкарып келе жаткан 31 жаштагы Олеся Коротченка 7 жашар Ы.Айбек аттуу баланы коюп кеткен. Катуу жаракат алган бала ооруканада жан берген.

Ошол эле күнү саат 17:30дар чамасында Чүй облусунун Лебединовка айылынын тургуну, 29 жаштагы Назира Уоджошалиева «Лексус RX-320» үлгүсүндөгү унаасы менен Ак-Суу районуна караштуу Челпек айылынан өтүп бара жатып 4 жашар К.Керемет аттуу кызды сүзүп алган. К.Керемет ооруканага жетпей, жолдон көз жумган.(МК)
XS
SM
MD
LG