France-Presse агенттигинин колуна тийген соттук документтерде Түштүк Африка Республикасынын мурдагы президенти, учурда ооруканада жаткан 94 жаштагы Нелсон Мандела жасалма дем алдыруу менен гана кармалып тургандыктан, андан ажыратып түбөлүк жайга узатуу боюнча 26-июндагы догдурлардын сунушу бар.
Түштүк Африка Республикасынын президенти Жейкоб Зума Мандела жаткан Преториядагы ооруканага барып, мурдагы мамлекет башчынын «абалы оор, бирок туруктуу» деп билдирди. Француз журналисттеринин колуна тийген документтер Манделанын үч баласынын сөөгүн кайра көмүүгө байланыштуу үй-бүлө ичинде чыккан чырдан кийин сотко жеткен.