Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Le Monde: Франциянын чалгын кызматы жарандардын телефонун тыңшайт


Француздардын тышкы чалгын кызматы жарандардын телефон чалуулары менен интернет колдонуучуларга мыйзамсыз тескөө салаарын бейшембиде Le Monde гезити жазып чыкты.

Гезиттеги макалада атайын кызматтар Франциянын ичиндеги жана өлкөнүн сыртындагы жарандарын тыңшаары айтылат. Атайын кызматтар жарандардын телефон, интернет байланыштарын гана каттап, маалыматтын мазмуну каралбай турганы айтылат.

Le Monde гезити француз чалгынчылардын иш-аракетин АКШнын Улуттук чалгын кызматынын мурдагы кызматкери Эдвард Снуоден ачыктаган жашыруун маалыматтарга теңеди. Буга чейин расмий Париж америкалык атайын кызматтар европалыктарды дагы тыңшаары билингенден кийин бир топ сынга кабылган.

XS
SM
MD
LG