Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:02

Боливия президенти АКШ элчилигин жабаарын айтып коркутту


Президент Эво Моралес өзү түшкөн учакка байланыштуу чырдан кийин Кошмо Штаттардын Боливиядагы элчилигин жабаарын бейшембиде түштүк америкалык лидерлердин Боливияда өткөн саммитинде айтты.

Моралес расмий Вашингтон европалык өлкөлөргө анын президенттик учагын өткөрбөө талабын коюп, басым көрсөткөнүн сындады. Саммитке катышкан Эквадор, Венесуэла, Суринам, Уругвай, Аргентина жана башка Түштүк Америка лидерлери Эво Моралеске колдоо билдирип, Европада болгон окуяны дипломатиялык нормалардын бузулушу катары баалашты.

Шейшембиде Франция, Испания, Португалия жана Италия боливиялык президенттин Москвадан келаткан учагында АКШ өткөрүп алууну көздөгөн Эдвард Сноуден бар деген шек менен, аба мейкиндигинен жол бербей коюшкан.

XS
SM
MD
LG