Президент Алмазбек Атамбаев менен Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын жаңы шайланган судьяларынын жолугушуусуна Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева, президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев катышты.
Апрелде Сотторду тандоо кеңеши Конституциялык палатага сунуштаган 6 судьянын талапкерлигин президент жактырып, Жогорку Кеңешке жөнөткөн. Алар парламенттин да элегинен өтүштү. Касымалиев Мукамбет Конституциялык палатанын төрагалыгына шайланды.
Конституциянын аткарылышын көзөмөлдөгөн палатаны куроо аракети 2011-жылы башталган. Палата 11 судьядан турат, бешөө өткөн жылы шайланган.
Кыргызстанда Конституциялык Сот 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин жоюлуп, анын ордуна Жогорку Соттун алдындагы Конституциялык палата киргизилген. (AKu)