Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:02

Акун: парламент төрагасы туура эмес маалымат таратты


“Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековдун кечээ маалымат жыйынында райондор аралык сот Турсунбек Акундун арызын четке какканы тууралуу маалыматы жалган” деп билдирди акыйкатчы кызматынан алынган Турсунбек Акун.

Акундун айтымында, анын арызы райондор аралык сотто өндүрүшкө кабыл алынды, бирок карала элек. Парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков райондор аралык сот Турсунбек Акундун доосун четке какканын расмий жарыялаган.

Акыйкатчынын ишин иликтеген депутаттык комиссия өткөн айда бир нече негиз келтирип, анын ичинде “кылмыш дүйнөсүнүн лөгү” аталган Азиз Батукаевди түрмөдөн мыйзамсыз бошотууга акыйкатчынын тиешеси бар деп Турсунбек Акунду мөөнөтүнөн мурда кызматынан алуу чечимин чыгарган.

Комиссиянын чечимин Акун мыйзамсыз деп эсептеп, сотко кайрылган. 27-июнда парламент комиссиянын сунушун колдоп Турсунбек Акунду мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотту.

Ушул тапта парламент акыйкатчы кызматына сынак жарыялады. (AKu)

XS
SM
MD
LG