Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:49

Пхеньян менен Сеул биргелешкен Кэсон комплекси боюнча сүйлөшүүдө


Кэсондогу индустриалдык парктын бир көрүнүшү
Кэсондогу индустриалдык парктын бир көрүнүшү
Бүгүн Түндүк Корея менен Түштүк Корея биргелешкен өндүрүш комплексинде ишти жандандырыш үчүн сүйлөшүүлөрдү өткөрүшүп жатышат. Эки тараптын тең расмий өкүлдөрү чек арадагы Панмунжон кыштагында жолугушту. Алар быйыл апрелде бир тараптуу жабылып, иши токтоп калган Кэсон комплексин кайра ачуунун жолдорун талкуулашууда.

Ал жердеги фабрикаларда Түштүк Кореянын 123 ишканасы жалпысынан 53 миңдей адамды иштетип келген.

Комплекстин жабылышы Пхеньян үчүн экономикалык олуттуу жоготууларды туюндурат. Бирок быйыл февралда Түндүк Корея үчүнчү ирет ядролук куралын сынап, эл аралык катуу сынга кабылганда, аны жаап салган болчу.

XS
SM
MD
LG