Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:54

Окуу жайларга кабыл алуу башталууда


Эртең Кыргызстан боюнча жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу башталат. Мындай маалыматты билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

8-июлдан 10-июлга чейин биринчи тур, 15-июлдан 20-июлга чейин экинчи тур өтөт. Бул күндөрдүн ичинде жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан абитуриенттер жыйынтык талондорун окуу жайларга салат. Билим алуунун кандай гана түрүнө болбосун: мисалы, аралыктан окуу, түнкү, келишимдик негизде, акысыз окуу - баарына тесттин негизинде гана тапшырууга болот. Акысыз билим алуу үчүн эң аз балл 110 болсо, келишимдик негиздеги билим алуу үчүн 105 балл топтогондор гана талонун таштай алат. Ал эми кошумча сабактардан алынган эң аз балл 60 болуш керек.

Тесттен эң жогорку балл алган 50 абитуриентке каалаган мамлекеттик окуу жайдагы бөлүмгө тапшырууга укук берилген.

Быйыл жалпы республикалык тестирлөөгө 50 миңден ашык мектеп бүтүрүүчүсү катышты. (AKu)

XS
SM
MD
LG