Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:19

Радикал исламчыл диниятчы Британиядан Иорданияга өткөрүлдү


Абу Катаданы Лондондун четиндеги аскерий базадан алдын ала даярдалган учак менен Амманга жеткиришти, 7-июль, 2013
Абу Катаданы Лондондун четиндеги аскерий базадан алдын ала даярдалган учак менен Амманга жеткиришти, 7-июль, 2013
Абу Катаданы Амманда терроризм үчүн айыптап келишет. Аны британ бийликтери 10 жылдан ашуун мезгилден бери чыгара албай келишкен. Анткени Катада түрдүү соттордо жеңип жүргөн.

Британияда болсо аны “Ал-Каиданын” террор чабуулдарын уюштурган адам катары билишет жана өлкөнүн коопсуздугу үчүн коркунуч келтирген адам дешет.

Бүгүн Лондондо ички иштер министри Тереза Мей: “Бизге коркунуч келтирген адамды өлкөдөн чыгара алдык”, - деп билдирди. Өлкөнүн премьер-министри Дэвид Камерон: "Бул киши биздин өлкөдө турганга эч укугу жок болчу, биз аны чыгарганга аракет кылып келдик жана акыр аягында ошого жетиштик. Менимче, бул чындап кубанычтуу кабар", - деди.

Амманда Катадага 1999-жылы сырттан өкүм чыгарылып, өмүр бою түрмөгө кесилген. 53 жаштагы Катада бул чечимди да жокко чыгарыш үчүн аракет көрөөрүн билдирген.

XS
SM
MD
LG