Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:51

Казан универсиадасы: эки кыргызстандык чемпион


Казандагы дүйнөлүк универсиаданын экинчи күнүндө бел кур күрөшү боюнча 2 кыргызстандык спортчу алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Казанга барган кыргызстандык делегациянын мүчөсү Эркин Абдылдаев кабарлады. Анын айтымында, 100 килограмм салмактагылар арасында Нурбек Аканов жана 82 килограмм салмактагы Нурбек Кожобеков финалда өз атаандаштарын жеңип, чемпион аталды. Ушундай эле спорт түрү боюнча 68 килограмм салмактагы Канимет Барпыбеков коло байгени багындырды.

6-июлда башталган дүйнөлүк универсиадага спорттун 12 түрүнөн кыргызстандык 98 спортчу катышууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG