Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:55

Баткендеги мунай кууру боюнча сүйлөшүү өтөт


Ушул аптада Баткендеги Катта-Туз аймагындагы мунай кени боюнча кыргыз-тажик өкмөт өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Кыргызстандын аймагында жайгашып, бирок акыркы 30 жылга жакын мезгилден бери Тажикстан иштетип келген мунай кени боюнча 3-июлда облустук деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөр жыйынтык берген эмес. Анда мунай куурларынын макамы аныкталган эмес. Мындан улам бул жолку жолугушууда мунай куурларынын кимге тиешелүү экени жана макамы аныкталары күтүлүүдө.

Аталган жерден Тажикстан 1980-жылдардан бери мунай өндүрүп келген. Аймак Кыргызстанга тиешелүү болгондуктан мурдараак кыргыз чек арачылары кошуналарды чыгарган. Тажикстан болсо 1980-жылдары түзүлгөн макулдашуу бар экенин оозеки эскертип келет. Жергиликтүү тургундар кошуна өлкөлөр иштетип жаткан аймактарды Кыргызстанга өткөрүп алууну же тендер аркылуу иштетип өлкө казынасына салык төлөтүүнү талап кылышууда.(JsA\BkA)

XS
SM
MD
LG