Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:49

Апрел окуялары боюнча сот уланат


Бул тууралуу “Азаттыкка” Апрель окуясында жабыркагандардын адвокаты Осунбек Жамансариев кабарлады. Анын айтымында, өткөн айда айыпталуучулардын бири, УКМКнын мурдагы төрагасы Мурат Суталиновдун саламаттыгы начарлаганы үчүн жараян токтоп калган. Бүгүнкү жараянда иштеги материалдар каралмакчы.

2010-жылы 7-апрелде куралсыз элге ок атууга буйрук берген жана аны аткарган деген айып мурунку президент Курманбек Бакиев баш болгон 21 кишиге тагылган. Анын ичинен мурдагы президент Бакиев баш болгон жети айыпталуучу Кыргызстанда болбогондуктан, сырттан соттолууда.

Ушул тапта камакта мурдагы мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчи орун басары Нурлан Темирбаев кармалууда, калгандары үй камагында. Апрель окуясы боюнча соттук иш 2010-жылдын 17-ноябрынан бери уланып келет. (BkA)

XS
SM
MD
LG