Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:26

Куба Сноуденге башпаанек берүүнү колдоду


Кубанын президенти Рауль Кастро Венесуэла бийлигинин Москвада жашырынып жаткан АКШнын чалгын кызматынын мурдагы кызматкери Эдвард Сноуденге башпаанек берүү демилгесин колдоорун билдирди.

Жекшембидеги Кубанын улуттук ассамблеясында сүйлөгөн Кастро бул тууралуу айткан жок. Бирок Сноуденди куугунтукка алып жатканы үчүн АКШны сындады. Маалыматтарга ылайык, Орусиянын “Аэрофлот” учак компаниясы аптасына бир нече ирет Кубанын борбору Гаванага учуп турат. Эгер Сноуден башпаанек сунушталган Венесуэла же Боливияга кетүүгө бел байласа, Куба аркылуу учушу мүмкүн. Буга чейин эки өлкө Сноуденге башпаанек берүүгө макул болгон. Учурда Никарагуа да ага башпаанек берүү маселесин карап жатат.

XS
SM
MD
LG