Чүйдөгү Көкөмерен суусуна агып кеткен төрт кишини издөө иштери бүгүн да уланууда. Алардын экөө кытай жараны экенин "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Абдишарип Бекилов кабарлады. Анын айтымында, 23-июнда кечинде Кочкор - Арал - Төө-Ашуу унаа жолунун 168-чакырымында Toyota Land Cruiser унаасы жол кырсыгына учурап, Көкөмерен суусуна түшүп кеткен. Ичинде айдоочудан тышкары төрт жүргүнчү болгон. Алардын бири - Искра айылынын тургуну Арзмани Смаров өз күчү менен суудан чыга алган.
Кырсыкка кабылгандардын экөө кытай жарандары экени аныкталды. (RK)
Кырсыкка кабылгандардын экөө кытай жарандары экени аныкталды. (RK)