Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:38

Прокуратура: Жалал-Абадда бийлик басып алууга төрт киши айыптуу


Өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн имаратына кирип алгандар боюнча кылмыш иш тергелип бүтүп сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн Баш прокуратурадан кабарлашты.

Тергөө айыпты Кылмыш кодексинин "бийликти күчтөп басып алуу жана кармап туруу", "конституциялык түзүлүштү күчтөп өзгөртүүгө үндөө" деген эки беренеси боюнча төрт кишиге коюп жатат. Ишти Жалал-Абад шаардык соту карамай болууда.

Быйыл 31-майда "Ата-Журт" партиясынын камактагы депутаттарын бошотууну талап кылган 200дөй киши облус бийлигинин имаратына кирип барып, элдик губернатор деп Медер Үсөновду креслого отургузган. Бир нече күн облус жетекчиси Жусубалы Төрөмаматов башка имаратта иштөөгө мажбур болгон.

Былтыр 3-октябрда Бишкекте мамлекеттик бийликти басып алууга аракет кылган деп камалган депутаттар бул айып негизсиз экенин айтып, аларга карата козголгон кылмыш ишти саясый буйрук деп атап келген. (RK)

XS
SM
MD
LG