Кыргызстандын түрмөлөрүндө иштеген 72 кызматкер атайын окуудан өттү. Бул тууралуу бүгүн бул курсту уюштурган Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Бир ай бою алар атайын иттерди машыктыруу, алгачкы медициналык жардам көрсөтүү жана электр жабдуулары менен иштөөдө өрт коопсуздугун камсыз кылуу ыкмаларын үйрөндү.
Сабактар 2010-жылы ЕККУнун жардамы менен Жаза аткаруу кызматынын алдында ачылган Окуу борборунда өттү.
Кыргызстанда 32 жаза аткаруу мекемеси бар. Алардын төртөө - тергөө абагы жана бирөө - балдар колониясы. (RK)