Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:23

АКШ-ЕБ эркин соода мейкиндигин түзүүгө багыт алууда


Бүгүн Вашингтондо АКШ жана Евробиримдик дүйнөдөгү эң чоң эркин экономикалык зонаны түзүү боюнча сүйлөшүүнү баштайт. Сүйлөшүү Вашингтон-Брюссель мамилеси осолдоп турган кезге дал келди. Буга АКШнын чалгындоо агенттигинин мурдагы кызматкери Эдвард Сноудендин америкалыктарда Евробиримдиктин элчиликтерин тыңшап, интернеттеги кат-кабарын көзөмөлдөгөн жашыруун программасы бар деген билдирүүсү себеп болгон.

АКШ-Евробиримдик 2012-жылы 650 миллиард долларга же 500 миллиард еврого бири-бирине товар саткан. Ал эми финансылык кызмат көрсөтүүлөр менен инвестициянын көлөмү андан алда канча көп.  Вашингтондогу сүйлөшүүнүн максаты өз ара соодадагы жана инвестициядагы тоскоолдуктарды  2014-жылдын аягынан тарта алып салууга багытталган.

 

XS
SM
MD
LG