Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:59

Ошто беш жашар кыздын зордукталышына шектүү адам кармалды


Ошто 5 жашар кызды зордуктады деген шек менен 23 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

5-июлда Өзгөн районунун 5 жаштагы тургуну Ош шаарында зордукталган. Жабырлануучунун жакындарынын арызы менен окуянын эртеси кылмышка шектүү катары Ош шаарынын 23 жаштагы жараны Л.А. кармалган.

Жабыркаган кыз Ошко таежесинин үйүнө конокко келген. Өзү берген көрсөтмөгө ылайык, кошуна батирде жашаган киши балмуздак алып берем деп алдап, кабаттуу үйдүн жертөлөсүнө алып кирип зордуктаган.

Кызга медициналык жардам көрсөтүү уланууда. Милициянын маалыматына ылайык, кылмышка шектүү катары кармалган жигит мурда уурулук менен колго түшүп, соттолгон.

Жабырланган кыздын ата-энеси учурда Орусияда. Ал Кыргызстанда туугандарынын колунда жүргөн. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG