Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:18

Бурул Алыкулова коло байгеге ээ болду


Казандагы дүйнөлүк универсиаданын үчүнчү күнүндө кыздар арасында бел кур күрөшү боюнча Бурул Алыкулова коло байгеге ээ болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Казанга барган кыргызстандык делегациянын мүчөсү Эркин Абдылдаев кабарлады. Анын айтымында, 58 килограмм салмактагылар арасында Бурул Алыкулова түркиялык балбан кыз менен беттешмек. Бирок түркиялык балбан алган жаракатынан улам күч сынашууга чыга албаганына байланыштуу жеңиш Алыкуловага ыйгарылды.

Буга чейин кыргызстандык спортчулар эки алтын жана эки коло медалга ээ болгон.
Мындай жол менен жалпы командалык эсепте Кыргызстандын курама командасы 7- орунда келатат.

6-июлда башталган дүйнөлүк универсиадага спорттун 12 түрүнөн кыргызстандык 98 спортчу катышууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG