Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 09:08

Чехиянын экс-премьерин прокуратура жарга такоодо


Чехиянын прокуратурасы парламентке кайрылып, экс- премьер-министр Петр Нечастын кол тийбестик макамын алып салууну суранды. Нечас өткөн айда полиция сегиз адамды, анын ичинде кеңсе башчысын пара алган жана аскерий чалгындоо кызматына Нечастын мурдакы аялын аңдыткан деп камакка алгандан кийин отставкага кеткен. Нечас премьерликтен кеткени менен депутаттык мандатын сактап калган. Парламент төрайымы Мирослава Немцованын өкмөттүк телеканалга айтышынча, Нечастын депутаттык иммунитетин алы салуу маселеси сентябрдан мурда колго салынбайт.

Нечас эч кандай мыйзамсыз ишти жасабаганын билдирген. Президент Милош Земан шаршемби күнү өзүнүн экономикалык кеңешчиси Иржи Руснок башындагы жаңы өкмөттү дайындайт деп боолгонууда.
XS
SM
MD
LG