Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:57

Таластагы буулган канал ачыла элек


Таластын Көк-Сай айылынын тургундары 7-июлдан бери Казакстанга кеткен “Быстроток” каналын бууп турат. Бул канал аркылуу  Казакстандын Жамбыл облусунун 4 миң гектарга жакын айдоо аянты сугарылат. Жергиликтүү активисттер боз үй тигип суунун башын кайтарышууда.  Алар кыргыз-казак чек арасындагы төрт жарым  гектар жерди кайтарып алууну, өткөн жылы алмашууга макулдашылган 2 гектардан ашык  жердеги орнотулган мамыларды алып салууну талап кылышууда. 

Ал эми дүйшөмбүдө жергиликтүү эл менен вице-премьер министр Токон Мамытов жолукту. Ал  аталган маселелерди коңшу өлөнүн өкмөтү менен жакын арада сүйлөшүп чечүү жагы каралаарын убада кылды

Эки өлкөнүн жергиликтүү бийликтери Кара-Бууранын Көк-Сай аймагындагы 2600 гектар жерди алмашуу боюнча макулдашууга 2012-жылдын сентябрь айында кол койгон.(MbA\BkA)

 

XS
SM
MD
LG