Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:40

Египет: шайлоо алты айдын ичинде болот


Египеттин утурумдук президенти Адли Мансур жаңы президенттик жана парламенттик шайлоонун мөөнөтүн аныктаган жарлык чыгарды. Ага ылайык, добуш берүү ушул жылдын аягына чейин өтүшү керек.

Ага чейин Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтүшү керек. Өлкөнүн Конституциясы өткөн аптада армия президент Мухаммед Мурсини бийликтен кетирген соң токтотулган. Адли Мансур бул жарлыгын дүйшөмбү күнү кечинде жарыялады. Ага удаа эле Каирде коопсуздук күчтөрү менен бийликтен кулатылган президент Мухаммед Мурсинин тарапкерлери кагылышып, кеминде 51 адам ажал таап, 300дөн ашууну жараат алды. Мурсинин жактоочулары бул чабуул үчүн армияны айыптады. Армия болсо, топтолгон элге ок аткандарды “куралчан террористтер” деп атап, куралдуу күчтөрдүн бул кыянатчыл ишке тиешеси жок деп кошумчалады.

XS
SM
MD
LG