Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:08

ИИМ академиясынын үч курсанты унаа кырсыгында мерт кетти


Ички иштер министрлигинин академиясынын үч курсанты бүгүн эртең менен Бишкектин четинде унаа кырсыгында мерт кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов кабарлады. Кырсык саат сегизге жакын болгон. Курсанттарды Шабдан баатыр (мурдагы Алма-Ата) көчөсү менен Көк-Жар айылы аркылуу ташып бараткан "Mercedes-Benz Sprinter" "Москвич" унаасы менен сүзүшкөн. Үчөө ошол жерден көз жумган. Бир курсант коңшу айылдагы аскердик госпиталга жеткирилди. Анын абалы оор. Дагы үч курсантты Чүй облустук ооруканасына жаткырышты. Кырсыкка кабылгандардын баары тең 18 жашта. 1-курсту жаңы аяктагандар. (RK)

XS
SM
MD
LG