Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:11

Көк-Жардагы үч адам мерт болгон унаа кырсык боюнча кылмыш иш козголду


Чүйдүн Көк-Жар айылындагы унаа кырсык боюнча кылмыш иш козголду. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаевдин "Азаттыкка" айтымында, кылмыш иш "жол коопсуздук жана унаа пайдалануу эрежелерин бузуу" деген берененин негизинде козголду.

Бүгүн эртең менен Бишкектин четиндеги Көк-Жар айылы аркылуу өткөн унаа жолдо кырсык катталган. "Mercedes-Benz Sprinter" унаасы менен тоо жакты көздөй мылтык атуу боюнча машыгууга жөнөп бараткан Ички иштер министрлигинин академиясынын курсанттары жабыркады. Бет маңдай келаткан "Москвич-шиньон" унаасынын дөңгөлөгү чыгып кетип, эки машина сүзүшкөн. Үч курсант ошол жерден көз жумган. Бир курсант коңшу айылдагы аскердик госпиталга жеткирилди. Анын абалы оор. Дагы үч курсантты Чүй облустук ооруканасына жаткырышты. Кырсыкка кабылгандардын баары тең 18 жашта. 1-курсту жаңы аяктагандар. (RK)

XS
SM
MD
LG