Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:16

Кыргызстан эң көп пара берген өлкөлөрдүн катарында


Transparency International эл аралык уюму “Дүйнөлүк коррупциянын барометри-2013” баяндамасын чыгарды. Изилдөөнүн алкагында 104 өлкөдө 114 миң адам сурамжыланган. Алардын жарымынан көбү мекенинде коррупция көбөйгөнүн белгилешкен

Изилдөөгө катышкандардын ар бир төртүнчүсү акыркы жыл ичи пара берген. Негизинен булар Кыргызстан, Ооганстан, Казакстан, Украина, Ирак жана Сербиянын жарандары.

Изилдөө 51 өлкөдө саясий партиялар эң коррупциялашкан институт катары кабыл алынаарын көрсөттү. Ошону менен бирге эле сурамжылоого катышкандардын көбү коррупцияга каршы күрөшүүгө даяр экенин билдиришкен. (AiK)

XS
SM
MD
LG