Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:33

Грецияга дагы каржылык жардам көрсөтүлөт


Греция жакынкы айларда 6,8 миллиард көлөмүндө эл аралык жардам алат, бирок ал үчүн бюджеттин дефицитин кыскартууга багытталган реформаларды жүргүзүүсү зарыл. Бул тууралуу чечим Евробиримдиктин 17 өлкөсүнүн каржы министрлеринин Брюсселдеги жолугушуусунда кабыл алынды.

Еврокомиссиянын, Европанын борбордук банкынын жана Эл аралык валюта корунун биргелешкен билдирүүсүндө реформалардын программасы Грецияда өтө жай жүрүп жатканы айтылат, ошондой эле өлкө каржылык каатчылыктан качан чыгаары бүдөмүк.

Ал эми Грециянын өзүндө реформалар нааразылыкты жаратууда. Кечээ миндеген муниципалдык кызматкерлер жана мектеп мугалимдери мамлекеттик сектордогу кыскартууларга каршы демонстарцияга чыгышты. (AiK)

XS
SM
MD
LG