10-11-июлда Кыргызстандын тоолуу аймактарында жана тоо этектеринде катуу жаандын айынан сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу шашылыш билдирүүнү бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги таратты. Суу жээгине барып эс алууну каалаган жарандар этият болушун, айрыкча балдарды жалгыз калтырбай, мас болуп алып сууга түшпөш керек экенин эскертти. Куткаруучулардын маалыматында, соңку бир ай ичинде сууга чөгүп өлгөндөрдүн саны 50гө жетти. (RK)