Ошто жаштар ишке ашырган социалдык долбоорлордун жыйынтыгы чыгарылды. Бир жыл аралыгында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында билим берүү, спорт, маданият, экология, чыр-чатактарды алдын алуу багыттары боюнча 20 долбоор ишке ашырылганын "Азаттыкка" анын уюштуруучусу, «Youth of Osh» бирикмесинин өкүлү Айжан Токтошева билдирди. Миңге жакын улан-кыз үч облустун тоолуу жана чек ара аймактарын кыдырып чыкты. Тил үйрөтүп, компьютерде иштөө, куурчак театрын уюштуруу ыкмаларын айтып берди. Коомдогу курч көйгөйлөр боюнча талкууларды уюштурду. Жалпы долбоорго кеткен каражаттын суммасы 1,5 миллион долларга жетти. (RK)