Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:58

Жалал-Абад мэрине ишеним көрсөтпөө демилгеси айтылды


Жалал-Абад шаар кеңешинин бүгүнкү сессиясында пикир келишпестик чыкты. “Өнүгүү” партиясынан шайланган он депутат сессиянын регламенти сакталбаганын, күн тартибине кирген маселелер боюнча материалдар депутаттарга таркатылбаганын, төрага талкууга дагы үч маселени сунуштаганын, көпчүлүктү түзгөн КСДП жана «Ата-Журт» партияларынын депутаттарынын тизмеси ачык болбогонун айтып нааразылык билдирди. Фракция президентке, өкмөт менен парламентке жана Баш прокуратурага кайрылып, Жалал-Абаддын социалдык өнүгүүсү боюнча программаны беш айдан бери сунуштай элегин, бир нече кемчилик кетиргенин айтып шаар башчы Мухтар Арапбаевге ишеним көрсөтпөө маселесин көтөрдү. Мэр Мухтар Арапбаев өзүнө коюлуп жаткан айыптар негизсиз экенин билдирди. 31 депутаттан турган Жалал-Абад шаар кеңешине "Өнүгүүдөн" 15, "Ата-Журт" партиясынан 8, КСДП партиясынан 8 мүчө депутаттыкка шайланган.(YA/RK)

XS
SM
MD
LG