Орусиянын Большой театрынын башкы директору болуп Владимир Урин дайындалды. Ал мурдагы директор Анатолий Иксановду алмаштырды. Владимир Урин буга чейин Станиславский жана Немирович-Данченко атындагы Москвадагы музыкалык театрды жетектеп келген.
Бул тууралуу бүгүн Орусиянын маданият министри Владимир Мединский чыгармачыл топ менен жолугушуу учурунда билдирди. Министрдин айтымында, бул кылдаттык менен ойлонуштурулган чечим.
Акыркы жылдарда Большой театрда көп чыр чыгып, анын көбү театрдын башкы балетмейстри Сергей Филиндин тегерегиндеги окуяга жана артист Николай Цискаридзенин театр жетекчилигин сындаганына байланыштуу. (AiK)