Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:15

Египет: убактылуу өкмөттүн курамы аныкталууда


Египетте утурумдук президент Адли Мансур убактылуу өкмөт курамын жарыялады. Ага ылайык, убактылуу өкмөттүн башчылыгына либерал-экономист, мурдагы каржы министри Хазем-ал Беблави, БУУнун атом энергетикасы боюнча агенттигинин мурдагы жетекчиси Мухаммед ал-Барадей болсо тышкы байланыштар боюнча вице-президентке көрсөтүлдү.

Исламчыл "Нур" партиясы ал-Беблавинин талапкерлигин колдоорун билдирди. Буга чейин Адли Мансур жаңы шайлоону дайындоо боюнча буйрукка кол койгон. Анын негизинде жакынкы эки жума ичинде Конституциялык ассамблея чакырылып, ал Башмыйзамды өзгөртүүгө киришүүсү зарыл. Андан соң келерки жылдын февраль айында Египетте парламенттик шайлоо өтүшү керек. Бирок бийликтен кулатылган президент Мухаммед Мурсини колдогон “Мусулман агайындар” кыймылы бул буйрукка каршы чыгууда.

XS
SM
MD
LG