Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:14

Таластагы буулган канал ачыла элек


Таластын Көк-Сай айылында 7-июлдан бери буулуп турган Казакстанга суу берчү “Быстраток” каналы ачыла элек. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган айылдын тургуну Расул Насирдинов билдирди. Анын айтымында, каналды учурда айылдын тургундары кезектешип кайтарып жатышат. Алар кыргыз-казак чек арасындагы төрт жарым гектар жерди кайтарып алмайынча коңшу өлкөгө суу бербей турганын билдиришүүдө. Дүйшөмбүдө жергиликтүү эл менен вице-премьер-министр Токон Мамытов жолугуп, аталган маселени коңшу өлкөнүн өкмөтү менен жакын арада сүйлөшүп чечерин убада кылган.(BkA)

XS
SM
MD
LG