Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:59

Универсиада: балбандар үч коло медалга ээ болду


Казандагы дүйнөлүк универсиаданын төртүнчү күнүндө бел кур күрөшү боюнча кыргызстандык спортчулар үч коло байгеге ээ болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Казанга барган кыргызстандык делегациянын мүчөсү Эркин Абдылдаев кабарлады. Анын айтымында, байгелүү медалды 100 килограмм  салмактагылар арасында Нуржан Рыскул уулу, Кадыр Келсинбеков жана Дуулатбек Сапарбек уулу алып келген.

Буга чейин кыргызстандык спортчулар эки алтын, бир күмүш жана үч коло медалга ээ болгон. Мындай жыйынтык менен жалпы командалык эсепте 162 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 10-орунда келатат.(BkA)

 

XS
SM
MD
LG