Чүйдүн Аламүдүн районундагы Гроздь айылына жакын жерде кыш заводунда документсиз иштеп жүргөн 35 кытай жараны 10 күндүн ичинде Кыргызстандан чыгып кетиши керек. Мындай чечим райондук сотто кабыл алынды. Аларды милиция кечээ кармап кеткен. Документтерин текшерип, виза мөөнөтү өтүп кеткендиктен жана ишке уруксаты жок болгондуктан териштирүүнү сотко өткөрүп берген.
Мекемелер менен келишим негизинде иштеп, мыйзамсыз мигранттарды табууга көмөктөшкөн "Кыргыз чоролору" коомдук бирикмеси Кыргызстанда мындай жарандар көп дейт. Ал эми Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги мыйзамсыз мигранттарды көзмөлдөө иши бул тармак аларга карап калган акыркы 2-3 ай ичинде гана жанданып жатканын билдирди. (AKu/RK)