Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:34

Майлуу-Сууда жер көчкү унаа жолду басып калды


Майлуу-Сууда бүгүн эртең менен шаарга кирүүчү айланма унаа жолдогу Загорная көчөсүнө болжол менен узуну 30 метр, туурасы 20, бийиктиги 1,5 метр, жалпы көлөмү 900 куб метрлик жер көчкү түштү. Учурда оор жүк ташыган унаа өтчү бул жол убактылуу жабык турат. Бир үй жабыркады, адам өмүрүнө зыян тийген жок. Тазалоо иштери жүрүп жатат деп кабарлады Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов. (RK)

XS
SM
MD
LG