Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:00

Ставрополдо мектепте хижабчан жүрүүгө уруксат берилген жок


Орусиянын Жогорку Соту көп улуттуу Ставрополь крайында мектеп окуучулары хижаб кийип жүрө албайт деп чечти. Былтыр күздө Ставрополдун губернатору аймактын мектеп окуучуларынын кийими боюнча бирдиктүү тартип киргизген. Ага ылайык, мектепте хижаб кийгенге же диний символдору бар кийимчен жүргөнгө, ошондой этеги кыска, көкүрөгү оюк көйнөкчөн жана такасы 7 см. бийик туфличен жүргөнгө тыйуу салынган. Ошондуктан, хижаб кийген кыздары мектепке киргизилбеген бир нече үй-бүлө Жогорку Сотко арыз жөнөткөн болчу. Алардын адвокаты эми доо арыз менен кайра сотко кайрылмак болууда.

XS
SM
MD
LG