Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:09

Укук коргоочулар: Донорлор Аскаровду бошотуу талабын колдошу керек


Кыргызстандын эл аралык донорлору Азимжан Аскаровду тез арада бошотуу талабын колдошу керек жана бул талап аткарылганда гана жардамын улантуусу зарыл. Мындай билдирүүнү бүгүн өлкөнүн Укук коргоочулар кеңеши айтып чыкты. Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык каржы корпорациясынын жетекчилигине жолдонгон кайрылууда Кыргызстан Аскаровду кыйнап, ага карата сот адилеттигин орнотпой жатканы айтылат.

Бүгүн Бишкекте кыргыз өкмөтү менен донорлордун жолугушуусу өтүп жатат.

Укук коргоочу Азимжан Аскаров 2010-жылдын июн окуясында мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө барган жана бийликке баш ийбөөгө үндөгөн деген айып менен өмүрүнүн аягына чейин кесилген. Ал өзү күнөөсү жок экенин айтып келет.

Былтыр декабрда Берлинге расмий сапарга барган кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев немис канцлери Ангела Меркел менен жолугушуудан кийинки пресс-конференцияда Аскаровдун маселесин президент эмес, сот чечээрин айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG