Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:15

AI: Египет армиясы куралды ыксыз колдонгонун далилдер ырастады


Эл аралык мунапыс уюмунун билдиришинче, далилдер апта башында болгон нааразылык акциясы маалында Египет армиясы куралды бейчеки колдонгонун көрсөткөн. Апта башында Республикачыл гвардиячылардын Каирдеги казармасы алдында Мохаммед Мурсинин тарапкерлери менен болгон тирешүүдө кеминде 51 киши өлгөн. Ага байланыштуу “Мусулман агайындар” өз тарапкерлеринин үстүнөн “кызыл кыргын” уюштурду деп коопсуздук күчтөрүн күнөөлөгөн. Армия чабуулду “террорчулар” уюштурган деп билдирген. Эл аралык мунапыс уюмунун регионалдык башчысы Хасиба ажы Сахруйи бүгүнкү билдирүүсүндө Каир менен Александриядагы ооруканаларды жана жасатканаларды кыдыруудан чогултулган материалдар, ошондой эле жарадарлардын айтканы боюнча армия атайылап күжүрмөн курал колдонгон деген жыйынтык чыгарганга негиз берерин белгилейт. Египеттин адам укугун коргоочу 15 уюму чогуу жасаган билдирүүсүндө адамдардын өлүмүн көзкарандысыз иликтөөгө чакырды.

XS
SM
MD
LG