Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:59

Бачабаздарга жаза күчөтүлдү


Шаршембиде президент Алмазбек Атамбаев Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Бул мыйзам балдарды зордуктаган бачабаздарга жазаны күчөтүү максатын көздөйт. Ага ылайык, жашы жете электерди зордуктагандардын жаза мөөнөтүн узартуу каралган жана мындай кылмышты жасагандарды шарттуу түрдө кесүүгө тыюу салынган. Бул мыйзамды Жогорку Кеңеш өткөн айда кабыл алган. Буга чейин Жогорку Кеңеш бачабаздарды химиялык кастрациялоо жөнүндө мыйзамды кабыл алган.

Мыйзам долбоордун демилгечилеринин билдиришинче, Кыргызстанда соңку эки жылда жашы жете элек наристелер сексуалдык зомбулукка кабылган учурлар эки эсе көбөйгөн. Маселен 2010-жылы педофилия боюнча 75 факт катталса, 2012-жылы алардын саны 150дөн ашкан.(BkA)

XS
SM
MD
LG