Бишкекте кечээ башталган Кыргызстандын донорлорунун эл аралык конференциясы уланат. Анда бир нече эл аралык уюм өкүлдөрү менен өкмөт мүчөлөрү Кыргызстанга көрсөтүлчү жардамдар тууралуу талкуулап, анын жыйынтыгында биргелешкен декларация кабыл алынат. Кечээки жыйында кыргыз өкмөт мүчөлөрү Улуттук өнүктүрүү стратегиясындагы долбоорлорду каржылоону суранышкан. Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин айтымында, 76 улуттук долбоорго 5 миллард долларга жакын каражат жетпейт. Мына ушул сумманы каржылоо үчүн донорлорду кызматташууга чакырды. Эл аралык уюмдар болсо кыргыз бийликтерин мамлекеттик чыгашаны азайтуу, инвестициялык климатты жакшыртуу, финансы системасын өркүндөтүү, энергетикалык кризиске жол бербөө, коррупцияга каршы күрөшүүгө үндөдү.
Эл аралык донорлордун 1-конференциясы 2010-жылы Бишкекте өткөн. Анда өлкө экономикасын колдоого 1,1 миллиард доллар бөлүүгө макулдашылган. Каржы министрлигинин маалыматында бул каражаттын 940 млн. доллары берилген.(BkA)